АКШ Египетке 195 миллион долларлык аскердик жардам берет

Тышкы иштер министрлигинен жогорку мартабалуу бир жетекчи бул тууралуу жазуу түрүндө маалымат берди.

1019892
АКШ Египетке 195 миллион долларлык аскердик жардам берет

АКШнын тышкы иштер министрлиги «адам укуктарын бузуу» деген негиз менен 2017 -  жылы токтоткон 195 миллион долларлык аскердик жардамды Египетке  берерин жарыялады.

Тышкы иштер министрлигинен жогорку мартабалуу бир жетекчи бул тууралуу жазуу түрүндө маалымат берди. Маалыматта АКШнын Египет менен эки тараптуу карым  - катнаштарды күчтөндүрүүнү максат кылгандыгын баса белгилеп : «Өткөн жылдын ичинде Египет өкмөтү менен карым  - катнаштарыбызды күчтөндүрүү үчүн дипломатиялык жана орток коопсуздук санааларыбыздын негизинде жакын байланыш ичинде болдук»,- деп билдирди.

Бул убакттын ичинде Египеттин АКШнын санааларына «жооп бергендиги» белгиленген маалыматта Вашингтон токтоткон жардамдарды Египетке кайрадан берүү чечимин чыгаргандыгы маалымдалды.

АКШ башкаруусу 2017 -  жылдын август айында Египеттеги адам укуктарынын бузулушун негиз катары көрсөтүп бул өлкөгө бериле турган 195 миллион долларлык аскердик жардамды токтоткондугун жарыялаган.

Египеттин демократиялык жолдор менен шайланган биринчи президенти Мухаммед Мурсини 2013 -  жылы 3 -  июлда аскердик сокку менен кулаткан башкы штабдын төрагасы Абдулфеттах ес  - Сиси башкарууну колго алган.



Тектеш кабарлар