«Blue Origin» компаниясы космостук кемесин сынады

Сыноо учуусу 11 мүнөткө созулду.

1015193
«Blue Origin» компаниясы космостук кемесин сынады

АКШда электрондук соода гиганты Амазондун куруучусу Жефф Безоско таандык «Blue Origin» компаниясы космоско капсула учурду.

АКШнын Техас штатынын батышында учурулган «New Shepard» ракетасын ташыган капсуланын, ракетадан өзүнчө учуп чыккандан кийин 119 километр менен ушул учурга чейинки эң жогорку деңгээлге көтөрүлгөндүгү белгиленди.

«Blue Origin» компаниясынын тогузунчу сыноо учуусу 11 мүнөткөн созулуп, капсула менен түртүүчү дагы коопсуз түрдө жерге конду.

Ийгиликтүү аяктаган сыноонун «Blue Origin» компаниясын орбитага жүргүнчү ташуу максатына дагы бир кадам жакындаткан болду.



Тектеш кабарлар