Зеленский Испания менен Португалияга сапарларын токтотту
Украинанын президенти Испаниядан кийин Португалияга барууну пландап жаткан.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын акыркы күндөрү Харьков шаарына күчөгөн чабуулдарынан улам Испания жана Португалияга пландаган сапарларын токтотту.
Испаниянын Королдук сарайы, Зеленский менен король Фелипе VIнын жума күнгө пландаган жолугушуусунун жокко чыгарылганын жарыялады.
Зеленскийдин Мадридде Испаниянын королу Фелипе 6 жана премьер-министр Педро Санчес менен жолугушууларды өткөрүшү, коопсуздук жана коргонуу тармагында эки тараптуу кызматташуу келишимине кол коюусу күтүлүп жаткан.
Украинанын президенти Испаниядан кийин Португалияга барууну пландап жаткан.
Дипломатиялык булактар Орусиянын Харьковго чабуулу күчөгөндүктөн Зеленскийдин бул эки өлкөгө сапарын жылдырууга аргасыз болгонун билдиришти.
Тектеш кабарлар
Мьянмада үйлөнүү үлпөтүнө абадан кол салуу: 7 киши каза болду
Каза болгондордун арасында күйөө бала да болсо, кол салууда 20 киши да жараланды.