Паром кырсыгында каза болгондордун саны 34кө жетти

Түштүк Сулавеси коопсуздук директорлугунун катчысы Диски Сондани  ушул кезге чейин кырсыктан 155 кишинин  куткарылгандыгын билдирди.

1006260
Паром кырсыгында каза болгондордун саны 34кө жетти

Индонезиянын Сулавеси аралдарына  жакын жерде бир паромдун сууга чөгүшү менен каза болгондордун саны 34кө жетти.

Түштүк Сулавеси коопсуздук директорлугунун катчысы Диски Сондани  ушул кезге чейин кырсыктан 155 кишинин  куткарылгандыгын билдирди.

Каза болгон 34 кишиде куткаруучу желектин жок экендигин белгилеген Сондани паромдо 190 кишинин бар экендигин болжошкондорун билдирди.

Бир тараптан Макассар изилдөө куткаруу группасынын жетекчиси Х. Амируддин жоголгондугу билдирилген 1 жаштагы баланы издөө иштеринин улантылып жаткандыгын белгиледи.

Социалдык иштер министри Идрус Мархамдын да паром кырсыгына байланыштуу иликтөөлөрдү жүргүзүү үчүн бүгүн окуя болгон аймакка барары жарыяланды.



Тектеш кабарлар