Франциянын президенти Еммануэль Макрондун Нигерия сапары

Франциянын президенти Еммануэль Макрон өлкөсүнүн Африканын маселелерин чече албай тургандыгын айтты.

1005541
Франциянын президенти Еммануэль Макрондун Нигерия сапары

Франциянын президенти Еммануэль Макрон өлкөсүнүн Африканын маселелерин чече албай тургандыгын айтты.

Нигерияга расмий сапар менен барган Макрон мамлекет башчысы Мухаммаду Бухари менен борбор шаар Абужадагы Асо Рок сарайында жолугушту.

Жолугушуудан кийин  өткөрүлгөн пресс – жыйында Африка өлкөлөрүнүн маселелеринин чечилишине байланыштуу баа берген Макрон : «Франция Африканын маселелерин чече албайт бирок Африка лидерлери аймакта коопсуздук жана жакшы экономиканы түзө турган болсо өз маселелерин чечкен болот»,- деди.

Президент Макрон Африка өлкөлөрүндө улантылып жаткан террор окуяларынан тынчсызданып жаткандыгын айтып, Франция менен Нигериянын террор менен күрөшүү тууралуу кызматташтык түзөрүн билдирди.

Макрон : «Биздин Африка жана Сахелде болушубуз абдан маанилүү. Жасагыбыз келген нерсе бул; аймактагы жана өзгөчө Малидеги террор менен күрөшүүнү каалайбыз»,- деди.

Нигериянын мамлекет башчысы Бухари болсо Макрон менен эки өлкөнүн экономикалык жана коопсуздук темаларына байланыштуу пикир алышууларда болушкандарын белгиледи. Бухари эки өлкөнүн ортосундагы сүйлөшүүлөрдө экономикалык, спорт жана маданият менен байланыштуу кызматташтыктын күчтөндүрүлүшү үчүн келишимдин түзүлөндүгүн белгиледи.

 



Тектеш кабарлар