Вьетнамдагы табигый кырсык...

Жооптуу кызматкерлер нөшөрлөп жааган жамгырдан келип чыккан сел каптоо жана жер көчкүсү болгон Лай Чай шаарында 5 киши, Ха-Жианг шаарында 2 киши каза тапканын жарыялады.

999353
Вьетнамдагы табигый кырсык...

Вьетнамдын түндүгүндө нөшөрлөп жааган жамгырдан келип чыккан сел каптоо жана жер көчкүсүнүн себебинен кеминде 7 киши каза таап, 12 киши изделүүдө.

Жооптуу кызматкерлер нөшөрлөп жааган жамгырдан келип чыккан сел каптоо жана жер көчкүсү болгон Лай Чай шаарында 5 киши, Ха-Жианг шаарында 2 киши каза тапканын жарыялады.

Сел сууларына кабылган 12 киши изделип жатканын айткан жооптуу кызматкерлер, айрым аймактарда жер көчкүсүнүн себебинен үйлөр кулаганын белгилешти.

Метеорологиянын адистери нөшөрлөгөн жамгырдын дагы эки күнгө созула турганын белгилеп, атуулдарды этият болууга чакырды.

Түштүк-Чыгыш Азия өлкөсү Вьетнамда жыл сайын сел каптоолор жана бороон-чапкындын айынан жүздөгөн киши каза болот.

 



Тектеш кабарлар