Индия Жамму Кашмир аймагында жүргүзгөн операцияларын токтотпойт

Индия рамазан айынын башында Жамму Кашмир аймагында жүргүзгөн операцияларды токтотуу чечиминин мөөнөтүн узартпайт.

993912
Индия Жамму Кашмир аймагында жүргүзгөн операцияларын токтотпойт

Индиянын ички иштер министрлигинин социалдык медиа тармагынан бөлүшкөн маалыматында «Индия өкмөтү, рамазан айынын башында жарыялаган Жамму-Кашмирдеги операцияларды токтотуу токтомунун мөөнөтүн узартпайт»,деп берилди.

Ички иштер министри Ражнат Сингх да, «коопсуздук күчтөрүнүн козголоңчулардын акцияларынын алдын алыш үчүн бардык керектүү чараларды көрө турганын» белгиледи.

Жергиликтүү медиадагы көрскөткүчтөргө караганда операциялар токтотулган мөөнөт убагында эң аз 18 козголоңчу, 7 жаран жана 6 аскер каза тапкан.



Тектеш кабарлар