Дональд Трамп Ким Чен Ынды Ак үйгө чакырды

Трамп, Сингапурда Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен өткөргөн саммиттен кийин маалымат жыйын өткөрдү.

991287
Дональд Трамп Ким Чен Ынды Ак үйгө чакырды

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Дональд Трамп, Түштүк Корея менен аскердик машыгууларды токтото тургандарын, келечекте бул өлкөдөгү  АКШнын аскерлерин чыгарып кетүүнү каалагандарын жарыялады.

Трамп, Сингапурда Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен өткөргөн саммиттен кийин маалымат жыйын өткөрүп, эли үчүн гүлдөгөн келечекке карай алгачкы тайманбас кадамды таштаганы үчүн Кимге ырахматын айтты.

АКШнын Түндүк Корея менен жаңы тарых барагын ачууга даяр болгонун айткан Трамп: «Өтмүш келечекти калыптандырууга мажбур эмес»,-деп айтты.

Абдан жөндөмдүү болгонун далилдеген Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ынды Ак үйгө чакырганын, Кимдин да бул чакырууну кабыл алганын айткан Трамп, Түндүк Кореянын лидерин туура бир убакта тосуп ала тургандарын жана өзүнүн да бир күнү Пхеньянга барууга даяр экенин айтты.

АКШ менен Түштүк Кореянын биргелешкен машыгууларын соңуна чыгара турганын айткан Трамп, орунсуз аскердик машыгууларды токтотуп абдан чоң үнөмдөө жасай тургандарын белгилеп өттү.

Трамп, Ким Чен Ындын башкы ракета сыноочу аянтын жок кылууну кабыл алганын жарыялады. Аянттын кайда экени темасында маалымат бербеген Трамп, Ким менен бетме-бет сүйлөшкөндөн кийин чыныгы өзгөрүүнүн чындыгында мүмкүн экенин түшүнгөнүн айтты.



Тектеш кабарлар