Дональд Трамп Ким Чен Ындан кат күтүүдө

Трамп Тексаска жөнөөрдөн мурда Мэриленд аймагындагы Joint Base Andrews аэропортунда басма сөз кызматкерлеринин күн тартиби тууралуу суроолоруна жооп берди.

983728
Дональд Трамп Ким Чен Ындан кат күтүүдө

АКШнын  президенти Дональд Трамп Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен 12 -  июнда жолугушуу ыктымалына байланыштуу : «Ким Чен Ын менен 12 -  июнда жолугушабыз деп ойлойм. Бирок бул бардык нерсе бир жыйында чечилет деген мааниге келбейт. Балким экинчи же үчүнчү тур сүйлөшүүлөр болушу мүмкүн. Балким эч бир сүйлөшүү болбойт»,- деди.

Трамп Тексаска жөнөөрдөн мурда Мэриленд аймагындагы Joint Base Andrews аэропортунда басма сөз кызматкерлеринин күн тартиби тууралуу суроолоруна жооп берди.

Мамлекеттик катчы Майк Помпеонун түндүк кореялык кесиптеши менен Нью – Йоркто өткөргөн жолугушуулардын мыкты өткөндүгүн  баса белгилеген Трамп Помпео менен түндүк коерялык кесиптешинин бүгүн жума күнү Вашингтонго өтөрүн күткөндүгүн белгиледи.

Трамп : «Түндүк Корея менен карым  - катнаштар жакшы баратат. Мамлекеттик катчыбыз түндүк кореялык кесиптеши менен мыкты жыйындарды өткөрдү. Бүгүн жума күнү Вашингтонго келишет жана Ким Чен Ындан мага келген  катты да беришет. Азыркы учурда ал катты алууну күтүп жатам. Жолугушуулар оң өттү. Процесс да оң болот деп ойлойм»,- деди.

Дональд Трамп каттын мазмунун билбегендигин бирок абдан кызыгуу менен күтүп жаткандыгын билдирди.



Тектеш кабарлар