Кытайдан Тайванга эскертүү

«Бир гана Кытай» саясаты боюнча Пекин башкаруусу Тайванды Кытай Эл Республикасынын бөлүнгүс бөлүгү катары көрүүдө жана Тайбэдеги өкмөттү тааныбай жатат.

972483
Кытайдан Тайванга эскертүү

Кытай Эл Боштондук армиясынын Тайвань аралынын алкагында өткөргөн машыгуунун бул жердеги көз карандысыздык жактоочуларына «күчтүү бир эскертүү» мүнөзүндө экендиги билдирилди.

Кытай мамлекет кеңешинин Тайвань ички иштер офисинин катчысы Эн Фынгшанг кезектеги пресс жыйынында Кытай Эл Боштондук армиясынын аралдын тегерегиндеги машыгуулар тууралуу берген кабарынын абдан ачык экендигин белгилеп мунун : «Тайвань көз карандысыздык жактоочусу күчтөрүнө карата күчтүү эскертүү»,- экендигин айтты.

Сөзү болгон машыгуулардын Кытайдын улуттук эгемендигин жана жеринин бүтүндүгүн коргоо көлөмүн жана чечкиндүүлүгүн көрсөткөндүгүнө көңүл бурган Эн аралдагы көз карандысыздык жактоочулары үчүн кандайдыр бир чыгуу жолунун болбогондугун баса белгиледи.

Катчы Эн аралда ишке аша турган кандайдыр бир көз карандысыздык жактоочусу кыймылга тоскоол болуу жана Кытайдын улуттук эгемендиги менен жеринин бүтүндүгүн коргоо үчүн жетерлик чечкиндүүлүк, эрк жана жөндөмдүүлүккө ээ болушкандарын белгиледи.

«Бир гана Кытай» саясаты боюнча Пекин башкаруусу Тайванды Кытай Эл Республикасынын бөлүнгүс бөлүгү катары көрүүдө жана Тайбэдеги өкмөттү тааныбай жатат.



Тектеш кабарлар