Палестина АКШга каршылык көрсөттү

Палестинанын Маалымат министрлигинин жарыясында АКШнын Израиль тарапка тартып жатканы уланганы белгиленди.

956520
Палестина АКШга каршылык көрсөттү

Палестина башкаруучулугу АКШнын быйылкы адам укуктары отчетунда «басып алуу астындагы жерлер» сүйлөмүнүн орун албаганына каршылык көрсөттү.

Палестинанын Маалымат министрлигинин жарыясында АКШнын Израиль тарапка тартып жатканы уланганы белгиленди.

Жума күнү жарыяланган отчетто мурдагы жылдарда даярдалган жана «Кудус, Батыш Шериа жана Газаны» камтыган «басып алуу астындагы жерлер» сүйлөмүнө орун берилген эмес.

Отчетто Израилдин адам укуктарын тебелөөсү тууралуу да «айтымдар» жана «күнөөлөөлөр» сөздөрү колдонулду.

АКШнын Тель-Авивдеги элчиси Дэвид Фридман, өлкөсүнүн Мамлекеттик департаментинен даярдалган жылдык отчетунда «басып алуу астындагы жерлер» сүйлөмүнүн чыгартылып таштоосун талап кылган.

АКШ, 2011-жылдан бери жыл сайын дүйнө жүзүндөгү көп өлкөдөгү адам укуктары туурасында отчет даярдап жарыялап келет.

 



Тектеш кабарлар