НАТОдон операция тууралуу билдирүү

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг АКШ менен Британия жана Франциянын аба операциясын колдошкондорун билдирди.

951148
НАТОдон операция тууралуу билдирүү

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг АКШ менен Британия жана Франциянын Сирия режимин химиялык курал күчү менен байланыштуу жерлерге карата кол салуусун колдогондугун билдирди. Баш катчы жазуу түрүндөгү маалымат жарыялап : «Бул кол салуу режимдин Сирия калкына кайрадан химиялык кол салуу күчүн азайтат»,- деди. Союздаштардын мындан мурда да режимдин Сирияда химиялык кол салуусун айыптагандыгын эске салган Столтенберг мындай кол салуулардын  эл аралык эрежелердин жана келишимдердин ачыкча бузулушу экендигин белгиледи.

Столтенберг маалыматта буларга орун берди : «Химиялык куралдарды колдонушу кабыл алынгыс жана жооптуулар эсеп бериши керек. НАТО химиялык куралдардын колдонулушун эл аралык тынчтыкка карата коркутуу катары карап жатат. Химиялык Куралдар Келишимине баш ийүү мааниге ээ».

АКШ, Британия жана Франция эрте мененки сааттарда Сириянын Дума аймагында өткөн жумада жасалган жана 78 киши каза болгон химиялык кол салуудан жооптуу делген режим күчтөрүнө карата аба операциясын ишке ашырды.

НАТО Брюсселдеги штабда түштөн кийин Сирия тууралуу сүйлөшүү үчүн кезексиз чогулат. 

 

 

 



Тектеш кабарлар