Орусиянын талабы

Дмитрий Песков, Думадагы химиялык кол салууга байланыштуу маалымат берди.

949120
Орусиянын талабы

Орусия, Сириянын Дума аймагында ишемби күнү болгон химиялык кол салууга байланыштуу тарапсыз иликтөө жүргүзүлүшүн талап кылды.

Президенттик сарайы Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков, Думадагы химиялык кол салуудан кийин Сириядагы абалга байланыштуу, бардык тараптардын аймакты дагы да туруксуздаштыра турган кадамдардан алыс тураарын үмүт кылганын айтты.

Песков басма сөзгө берген маалыматында: «Баардык тараптардын, аймакта ансыз деле солгундап турган абалды дагы да туруксуздаштыра турчу, провокация кылынган кандайдыр бир кадамдан алыс тураарын үмүт кыламын»,-деди.

Песков, Думадагы химиялык кол салууга байланыштуу тарапсыз териштирүү жүргүзүлүшүн жактагандарын баса белгиледи.

 



Тектеш кабарлар