Түштүк Африка республикасында "улуттук апаат" жарыяланды

Жетекчилер кургактык эң таасирдүү болгон Western Cape аймагында суу сактагычтарда суу деңгээлинин 13 пайыздык деңгээлге жеткендигин билдиришти.

929766
Түштүк Африка республикасында "улуттук апаат" жарыяланды

Түштүк Африка республикасында кээ бир аймактардагы кургакчылыктан улам «улуттук апаат» жарыяланды.

Маданият министри Звели Мхизе менен айыл  - чарба министри Зензени Зоквана парламентте өкмөттүн атынан өткөргөн пресс  - жыйында башта Western Cape аймагы болуу менен кээ бир аймактарда болуп жаткан кургакчылыктын олуттуу өлчөмгө жеткендигин жана өкмөттүн бул маселени маанилүү күн тарип беренелеринин бири катары карагандыгын айтты.

Звели Мхизе : «Бир ай мурда улуттук апаат катары күн тартибибизге алган кургакчылыкты бүгүн өкмөтүбүз расмий түрдө бекитти. Улуттук апааттын негизинде бул маселе мамлекеттин бардык мекемелери тарабынан дагы жоопкерчилик менен каралат»,- деди.

Кургакчылыкка каршы бул жыл үчүн 6 миллиард ранд бюджет бөлүнгөндүгүн белгилеген Мхизе улуттук апаат жарыялангандан кийин бул көлөмдүн арттырылышы тууралуу иштердин улантылып жаткандыгын сөздөрүнө кошту.

Айыл  - чарба министри  Зензени Зоквана да өлкөдөгү айыл – чарба өндүрүшүнүн кургактыктын айынан чоң өлчөмдө азайгандыгын белгиледи. Дыйкандардын кургакчылыктан эң көп таасирленгендер экендигин айткан Зоквана  кургактык үчүн түзүлгөн бюджеттен дыйкандарга атайын бир фонд бөлөрүн айтты. Зоквана : «Өлкөбүздө болгон бул кургакчылыкты эң аз жоготуу менен өткөрүү үчүн бардык түштүк африкалыктарды аракет кылууга чакырабыз»,- деди.

Жетекчилер кургактык эң таасирдүү болгон Western Cape аймагында суу сактагычтарда суу деңгээлинин 13 пайыздык деңгээлге жеткендигин билдиришти. Шаарга суу өткөргүчтөрдүн жабыларын билдирди.



Тектеш кабарлар