Асад жардам конвоюна дагы тоскоол болду

БУУнун конвойлорунун Чыгыш Гутага барышы үчүн дагы бир жолу «ишенимдүү» жана «бөгөтсүз» уруксаттын берилишине чакыруу салынды.

926225
Асад жардам конвоюна дагы тоскоол болду

 БУУму Сирияда  Башар Асад режиминин блокадасы астындагы Чыгыш Гутага кечээ жиберилиши күтүлгөн гуманитардык жардам конвоюнун өтүшү үчүн коопсуздук түзүлбөгөндүктөн аймакка бара албагандыгын жарыялады.

БУУнун баш катчысы Антонио Гутеррештин конвойдун өтүшүнө уруксаттын берилиши үчүн кечээ жасаган чакыруусуна карабастан Асад режиминин үзгүлтүксүз улантылып жаткан кол салуулардан улам чукул гуманитардык жардамдар Чыгыш Гутага бүгүн да бара алган жок.

БУУнун адамзаттык иштер координациясы офисинин социалдык медиа эсебинен берилген маалыматта : «БУУ жана өнөктөштөрү бүгүн Чыгыш Гутага бара алышкан жок. Бирок Сирияда Дума менен курчоого алынган жана барылышы кыйын болгон аймактардагы жардамга муктаж кишилерге жардам жиберүү үчүн даяр күтүп жатышат»,- деп айтылды. Маалыматта БУУнун конвойлорунун Чыгыш Гутага барышы үчүн дагы бир жолу «ишенимдүү» жана «бөгөтсүз» уруксаттын берилишине чакыруу салынды.



Тектеш кабарлар