Рекс Тиллерсон Африка сапарына чыгат
Тиллерсондун 6 – 13 - март күндөрү Чад, Жибути, Эфиопия, Кения жана Нигерияга сапар менен барары билдирили.
АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон Африка сапарына чыгат. Министрликтен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Тиллерсондун 6 – 13 - март күндөрү Чад, Жибути, Эфиопия, Кения жана Нигерияга сапар менен барары билдирили.
Тиллерсондун ар бир өлкөнүн лидер кадры менен жолугушары белгиленген маалыматта : «Борбору Аддис Абабадагы Африка Биримдиги Комиссиясынын лидер кадры менен жолугушуп Африкадагы өкмөттөр жана элдер менен карым – катнаштардын дагы да өнүктүрүлүшү каралат. Союздаштарыбыз менен террорго каршы күрөш, тынчтык жана коопсуздуктун өнүгүшү, жакшы башкаруучулук жана бири бирине карата соода менен санкциялардын өнүгүшү темалары сөз болот»,- деп билдирилди.
Тектеш кабарлар
Гриффитс: «Газага жардам берүү Рефахка кол салууну мыйзамдаштыруу дегенди билдирбейт»
Гриффитс Израилдин Рефахка ыктымал кургактык чабуулуна байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.
Гутерриш АКШдагы нааразылык акцияларына токтолду
Гутерриш БУУнун Нью-Йорктогу имаратында басма сөз өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берди.