АКШда катуу шамал жана сел
Ылдамдыгы саатына 80 километрден ашкан шамалдын айынан көптөгөн үйдүн чатыры учту.
918184
АКШнын борбордук аймактарында болгон сел жана шамалдын себебинен 5 киши каза болду.
Мичиган, Кентукки жана Арканзас штаттарында жуманын аягында болгон катуу шамал менен нөшөрлөп жааган жамгыр селге алып келди.
АКШнын Улуттук метеорология кызматынын билдирүүсүнө караганда, ылдамдыгы саатына 80 километрден ашкан шамалдын айынан көптөгөн үйдүн чатыры учту.
Электр берүү линиялары зыян тарткандыктан 3 штатта 20 миңден ашуун кишиге электр жарыгы бериле алган жок.
Катуу шамалдын болушу күтүлгөн Миссури, Индиана жана Иллинойс штаттарында өзгөчө кырдаал жарыяланды.
Тектеш кабарлар
Израилдин Газа тилкесиндеги кол сауулары...
Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсү жарыяланды.