Сирия тема болгон 9 - Астана жыйыны кечеңдетилди

Февраль айында өткөрүлүшү пландалган Сирия тема болгон  9 -  Астана жыйыны белгисиз бир күнгө кечеңдетилди.

909891
Сирия тема болгон  9 -  Астана жыйыны кечеңдетилди

Февраль айында өткөрүлүшү пландалган Сирия тема болгон  9 -  Астана жыйыны белгисиз бир күнгө кечеңдетилди. Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов өкмөт имаратында журналисттерге берген маалыматында кийинки Астана жыйынынын кечеңдетилгендигин билдирди.

«Орус кесиптештерибизден өздөрүнүн Астана процессинин кепил өлкөлөрү Орусия, Түркия жана Ирандын тышкы иштер министрлерин жолугуштуруу ниетинде экендерин жана жыйындын өткөрүлө турган жери Астана болушу мүмкүн экендиги тууралуу маалыматты алдык»,- деди Кайрат Абдрахманов. Абдрахманов  тышкы иштер министрлери деңгээлиндеги жолугушуунун март айында өткөрүлүшү мүмкүн экендигин, 9 -  Астана жыйыныны болсо бул жолугушуудан кийин өтөрүн айтты.

2017 -  жылдын 21 – 22 - декабрда сегизинчиси өткөрүлгөн Астана жыйынында Түркия, Орусия жана Иран камоого алынгандардын эркин койо берилиши, жаназалардын тапшырылышы, каза болгондордун күбөлүгүнүн аныкталышы жана БУУнун билим берүү жана маданият уюму ЮНЕСКОнун коргоосу астындагы тарыхый аянттардын миналардан тазаланышы үчүн иш алып баруу группасынын түзүлүшүнө чечим чыгарган.



Тектеш кабарлар