Канаданын тышкы иштер министри Африн тууралуу маалымат берди

Кристиа Фриленд өлкөсүнүн Түркиянын мыйзамдуу коопсуздук тынчсызданууларын кабыл алгандыгын билдирди.

902057
Канаданын тышкы иштер министри Африн тууралуу маалымат берди

Канаданын тышкы иштер министри Кристиа Фриленд Түркиянын Афринде жүргүзгөн «Зайтун бутагы» операциясына байланыштуу өлкөсүнүн Түркиянын мыйзамдуу коопсуздук тынчсызданууларын кабыл алгандыгын билдирди. Министр Фриленд түрк куралдуу күчтөрүнүн Сириянын Африн аймагындагы террордук уюм ПЙД/ПКК жана ДЕАШ буталарына карата жүргүзгөн «Зайтун бутагы» операциясы тууралуу жазуу түрүндө маалымат берди.

Фриленд маалыматында террордук уюм ДЕАШты жеңүүгө аракет кылуу керектигин белгилеп, бул үчүн аймактагы союздаштардын кенен түрдөгү кыймылына муктаждыктын бар экендигин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар