Түрк элчилигине кол салууга аракет кылышты

Террордук уюмдун жактоочулары Түркиянын Ирландиядагы элчилигинин алдына чогулду.

897010
Түрк элчилигине кол салууга аракет кылышты

Террордук уюм ПЙД/ПКК жактоочулары, Түркиянын Дублиндеги элчилигине кол салууга аракет кылышты.

Кечээ болгон окуяда Ирландиянын борбор шаары Дублиндеги Раглан Роаддагы түрк элчилигине, террордук уюмдун 40 чакты жактоочусунун кол салууга аракет кылгандары билдирилди.

Ирландиядагы булактардан алынган маалыматтарда, элчиликтин алдына кирип барган уюмдун колдоочулары, элчиликтин коопсуздук кызматкерлери тарабынан сыртка чыгарылды.

Террордук уюмду символдогон чүпүрөктөрдү көтөрүп жүргөн уюмдун жактоочулары, имараттын айланасында көпкө чейин ураан чакырып кыйкырып турушту.

Орто эсеп менен 45 мүнөткө созулган окуя, Ирландия полициясынын элчиликтин айланасында кошумча чараларды көрүүсү менен аяктады.



Тектеш кабарлар