Израиль Газага кол салды

Израилдин согуштук учактары Газанын жерлерин бомбалады

881349
Израиль Газага кол салды

Израилдин согуштук учактары Газанын түштүк чек арасындагы талаа аянттарын бомбалады.

Палестиналык коопсуздук булактарынан маалымдалгандай, Израилдин согуштук учактары Рефах шаарындагы талаа аянттарын бутага алды.

Кол салуудан жабыркагандар катталган жок.

Бул боюнча Израиль тарап азырынча маалымат бере элек.

Израиль кээ-кээде Газадан ракета атылды деген шылтоо менен Газанын ар кайсы аймактарына кол салууда.



Тектеш кабарлар