Ирак Күрт Аймактык Башкаруусу чек ара капкаларын Багдатка өткөрүүдө

Ирак Күрт Аймактык Башкаруусу Түркия жана Иран менен болгон чек ара капкалары жана аэропорттордо текшерүүнү Багдат башкаруусуна өткөрүп берүүдө.

880167

Ирактын премьер  - министри Хайдар ел  - Ибадинин кеңешчиси Ихсан еш  - Шаммари Түркия жана Иран менен болгон чек ара капкалары менен аэропорттордун башкаруусу үчүн Ирак Күрт Аймактык Башкаруусу да салым кошо турган жогорку комитеттин курулушуна чечим чыгарылгандыгын билдирди.

2017 – жылы 25 -  сентябрдагы мыйзам тышы көз карандысыздык элдик добуш берүүнүн артта калгандыгын баса белгилеген Шаммари Эрбилдеги борбордук башкарууга караштуу кызматкерлердин да жыйын үчүн Багдатка чакырылгандыгы боюнча маалыматты бөлүштү. Бул абал боюнча Иран Ирак чек арасындагы Первиз Хан жана Тамарчин чек ара капкаларын кайрадан ачты. Иран, Ирак күрт башкаруусунун  мыйзам тышы элдик добуш берүү менен чек араларын жабуу чечимин чыгарган болчу.

Тектеш кабарлар