Индонезияда жер көчкүдө 8 киши каза болду

Индонезиянын Ортоңку Жава аймагында болгон жер көчкүдө 8 киши каза болду.

871310
Индонезияда жер көчкүдө 8 киши каза болду

Индонезиянын Ортоңку Жава аймагында болгон жер көчкүдө 8 киши каза болду. Улуттук апаат чыгымдарын азайтуу агенттигинин катчысы Сутопо Пурво Нугрохо Йогякарта  шаарындагы Мерапи жанар тоосунун этектеринде болгон жер көчкүдө эң аз 8 шахтердун каза болгондугун, 3 кишинин жоголгондугун билдирди. 

Окуяда жараланган 8 кишинин да ооруканада дарыланып жаткандыгын айткан Нугрохо жоголгон кишилерди издөө иштеринин улантылып жаткандыгын белгиледи. Вулкандык жер өзгөчөлүгүнөн улам цемент чыгаруу максатында аймакта мыйзамсыз кум чыгаруу ишинин жүргүзүлгөндүгүн билдирген жетекчилер катуу жамгыр жаашына карата аймак калкын эскертти. 

 

 



Тектеш кабарлар