Антальяда өткөн Сирия үчтүк жыйыны

Орусия Сирияда күч колдонуу деңгээлинин азайгандыгын белгиледи.

850802
Антальяда өткөн Сирия үчтүк жыйыны

Орусия Сирияда күч колдонуу деңгээлинин азайгандыгын белгиледи.

Орусиянын тышкы иштер министрлиги Антальяда Түркия, Орусия жана Ирандын тышкы иштер министрлери катышкан  жыйын тууралуу маалымат берди. Маалыматта  бул сөздөр орун алды : «Министрлер Сириядагы чечүүчү жол процессинин бардык темалары тууралуу терең ойлорду бөлүштү. Астана процессинин негизинде араздашууну азайтуу, бул өлкөдөгү аскердик  - саясий абалдардын негизги кыймылдары каралды. Өлкөлөр Сирияда күч колдонуу деңгээлинин Сириядагы тараптарга куралдуу кагылышуудан саясий  чечүүчү жол процессине өтүүгө мүмкүнчүлүк түзө тургандай катнашта азайгандыгын аныктады».

Президент Р. Т. Эрдоган, Ирандын президенти Хасан Рухани жана Орусиянын президенти В. Путиндин 22 -  ноябрда Сочидеги жолугушуусунан мурда тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу, ирандык жана орус кесиптештери Мухаммед Жевад Зари жана Сергей Лавров менен Антальяда жыйын өткөрүштү. Жыйындан кийин маалымат берген Орусиянын тышкы иштер министри Лавров : «Пайдалуу сүйлөшүү болду. Бардык темалар боюнча келишилди»,- деп билдирди.

 

 

 



Тектеш кабарлар