Украина Орусия менен курал жана аскердик жабдыктар келишимин токтотту

Украинанын министрлер кеңеши Орусия федерациясы менен курал-жарак жана аскердик техника менен жабдуу боюнча өкмөттөр аралык келишимди токтотту.

843652
Украина Орусия менен курал жана аскердик жабдыктар келишимин токтотту

 Украинанын министрлер кеңеши Орусия федерациясы менен курал-жарак жана аскердик техника менен жабдуу боюнча өкмөттөр аралык келишимди токтотту. Премьер  - министр Владимир Гройсмандын жетекчилигинде чогулган министрлер кеңешинде Орусия менен бири бирине курал, аскердик жабдуу, оңдоо жана башка аскердик кызматтардын берилиши жана өкмөттөр аралык келишимдин токтотулушуна байланыштуу жарлык кабыл алынды. Украина менен орусиянын ортосунда бири бирине карата курал жана аскердик жабдыктар боюнча келишимге 1995 -  жылы  кол коюлган болчу.



Тектеш кабарлар