Орусиянын Сириядагы базалары

Олег Сиромолотов маалымат берди

842192
Орусиянын Сириядагы базалары

Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Олег Сиромолотов Сириядагы Хмейми жана Тартус базаларынын террордук уюм ДЕАШ толугу менен жеңилгенден кийин да чоң ыктымалдуулук менен аймакта калаарын айтты.

Сиромолотов орус армиясынын Сириядан чыгып кетүүсүнүн болсо келечектеги абалга жараша болоорун билдирди.

ДЕАШтын дагы деле Сириянын жерлеринин 10 пайызын көзөмөлдөп турганын, айрыкча Эл Нусранын да кыймылдарын улантып жатканын эске салган Сиромолотов, мындан тышкары көз карандысыз куралчан топтордун да бар экенин баса белгилеп: «Күтүлбөгөн оюнчулар кагылышууга кошулууда. Бул оюнчулар мурда жок эле, кийин пайда болушту жана абал толугу менен өзгөрүүдө»,- деп кошумчалады.



Тектеш кабарлар