Афганстанда күн өткөн сайын орточо 26 бала ич өткөктөн улам каза болууда

БУУнун балдарга жардам фонду ЮНИСЕФ Афганстандагы балдардын абалына байланыштуу отчет даярдады.

840380
Афганстанда күн өткөн сайын орточо 26 бала ич өткөктөн улам каза болууда

Отчетто ич өткөктөн улам каза болгон балдардын 5 жаштан кичүү экендигине көңүл бурулуп, жылдык 9 миң 500гө жакын баланын бул оорудан каза болгондугу белгиленди. Оорунун жугуштуу болушунун негизги себептери жетерсиз азыктануу, таза суу кыйынчылыгы жана экологиянын булганышы экендиги белгиленди. Отчетто Афганстан калкынын 58 пайызынын ичүүгө боло турган суу таба албагандыгы, бул сандын айылдарда дагы аз экендиги билдирилди.



Тектеш кабарлар