Орусия жаңы муундагы термоядролук ракетасын сынайт

Салмагы 100 тонналык ракета 15 өзөктүк дүрмөт алып жүрүү өзгөчөлүгүнө ээ.

834856
Орусия жаңы муундагы термоядролук ракетасын сынайт

Орусия жаңы муундагы термоядролук ракетасы «Сатан-2нин» сыноолорун баштай турганын жарыялады.

Сатан-2, АКШнын 2-Дүйнөлүк согушта Япониянын Хиросима жана Нагасаки шаарларына таштаган атом бомбасынан 2 миң эсе дагы күчтүү.

Салмагы 100 тонналык ракета 15 өзөктүк дүрмөт алып жүрүү өзгөчөлүгүнө ээ.

Москва бийлиги ракета Американын коргонуу системаларын да талкалай ала турганын жактоодо.

Ракетанын жылдын акырына чейин сыналышы пландалууда.

Улам көбөйгөн бюджеттин да таасири менен Орусия акыркы жылдарда жаңы муундагы куралдарды өнүктүрүүгө чечим чыгарды.

Акыркы изилдөөлөр Орусиянын 2006-жылдан бери аскердик каржылоолорун дээрлик эки эселенткенин көз алдыга жаюуда.

Орусиянын бул акыркы иш-аракети АКШнын президенти Дональд Трамптын өлкөсүнүн ядролук күчүн жогорулатуу жарыясынан кийин болду.



Тектеш кабарлар