АКШдан Түндүк Корея чыңалуусун күчөтө турчу жаңы кадам

АКШ өз армиясына буйрук берди

823896
АКШдан Түндүк Корея чыңалуусун күчөтө турчу жаңы кадам

АКШ Перс булуңу жана Корея жарым аралынын айланасындагы деңиз күчүн арттырууда.

АКШнын коргоо министри Жеймс Маттис армиядан Түндүк Кореяга карай таштала турган кадамдар үчүн даяр туруусун талап кылды.

АКШ флотунун эң күчтүү кызмат тобун түзгөн «Теодор Рузвельт» учак конуучу кемеси аны коштогон согуштук кемелер менен Сан-Диегодон сапар тартты.

Кызмат тобу Перс булуңундагы 5чи флот менен Корея жарым аралынын жээктериндеги 7чи флотко кошулат.

Пентагон бул кыймылдуулукту күнүмдүк деп сыпаттаса да, берилген буйрук аскердик операциянын жакындап калганын көрсөтүүдө.

Бул даярдыкта 7 миң 500 Америка аскери да бар.

Президент Дональд Трамп көптөн бери Түндүк Кореяга карай аскердик альтернативадан башка жол жок экенин белгилеп келе жатат.

Буга карабастан мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсон дипломатиянын жалгыз чечүүчү жол экенин айтууда.



Тектеш кабарлар