ЕБ,Түндүк Корея менен АКШнын ортосундагы чыңалуудан санааркап жатат

Европа Биримдиги, Америка Кошмо Штаттары менен Түндүк Кореянын ортосундагы чыңалууну соңуна чыгарыш үчүн дипломатиялык аракеттерин күчөтөт.

790030
ЕБ,Түндүк Корея менен АКШнын ортосундагы чыңалуудан санааркап жатат

Европа Биримдиги, Америка Кошмо Штаттары менен Түндүк Кореянын ортосундагы чыңалууну соңуна чыгарыш үчүн бул 2 өлкө менен катар тийиштүү борбор шаарлар менен байланышка чыгууга чечим чыгарды.

ЕБнин Саясий жана коопсуздук комитети, ЕБнин тышкы байланыштар боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерининин жетекчилигинде Түндүк Корея менен АКШнын ортосундагы чыңалууну жоюу үчүн Бельгиянын борбор калаасы Брюсселде кезексиз чогулуш өткөрдү. ЕБнин мекемелери жайкы эс алууда болгон учурда өткөрүлгөн элчилер деңгээлиндеги жыйналыштан кийин Могерини жазуу түрүндө маалымат берди.

Анда чыңалуунун тез арада басаңдатылышы керектигин белгилеген Могерини, Түндүк Кореяга «бир гана аймактык жана глобалдык чыңалууларды күчөтүүчү чагымчыл кыймылдарды кылуудан алыс болуу» чакырыгын салды.

ЕБнин чыңалууну азайтууну жана Корея жарым аралын кайра артка кайтылбай тургандай атомдук куралдардан толугу менен тазаланууну максаттаган дипломатиялык аракеттерди колдогонун баса белгилеген Могерини: «ЕБ жана мүчө өлкөлөр; Түштүк Корея, АКШ,Кытай, Орусия жана Япония менен катар Түндүк Корея менен байланышка чыгуу жана маалыматыбызды жеткирүү аркылуу дипломатиялык иштерин күчтөндүрүүлөрү темасында макулдашты»,-деп айтты.

Могерини ЕБнин Түндүк Корея жана Түштүк Корея баштаган эл аралык коомчулуктун арасында коопсуз жана түшүнүктүү диалог процессин колдоого, ядролук курал темаларына байланыштуу сүйлөшүүлөрдө жетишилген техникалык адистик менен кошо мүмкүн болгон ар түрдүү аракетти сунуштоого даяр болгонун билдирди.

Жогорку өкүл айрыкча Түндүк Кореянын ядролук жана баллистикалык ракета программаларын ылдамдатуусун улантуусунун, БУУнун коопсуздук кеңешинин токтомдорунда белгилеп кеткени сыяктуу аты аталган өлкөнүн эл аралык жоопкерчиликтерин олуттуу жана кооптондуруучу түрдө бузуу түшүнүгүнө келгенин белгиледи.

Түндүк Корея, АКШнын текшерүүсүндөгү Гуам аралына баллистикалык ракета атуу даярдыгын кылып жатканын жарыялады, Вашингтон бийлиги болсо мунун согушка алып бара турганы менен эскертти.



Тектеш кабарлар