Түндүк Корея жоопкерчиликтерди аткарышы керек

Түштүк Чыгыш Азия Өлкөлөрү Уюмуна (ASEAN) мүчө болгон өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери, Түндүк Кореяга, Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин (БУУ КК) чечимдерине ылайык жоопкерчиликтерди аткарууга чакырык таштады.

785238
Түндүк Корея жоопкерчиликтерди аткарышы керек

Филиппиндин борбору Маниладагы ASEAN жогорку деңгээлдеги жыйынына катышкан мүчө өлкөлөрдүн Тышкы иштер министрлери  жарыялаган жалпы билдирүүсүндө, Түндүк Кореянын буга чейинки ядролук жана баллистикалык ракеталарын сыноолоруна кошумча 4-28 июль күндөрүнүн аралыгында жасаган континенттер аралык баллистикалык  ракета сыноолору да Корея жарым аралында арткан чыңалууга байланыштуу санааркоолорун айтарын улантышарын билдирди.

Бул өнүгүүлөрдүн, бардык аймакта жана башкасында тынчтык жана туруктуулукту олуттуу түрдө кооптондургандыгы баса белгиленген билдирүүдө, Түндүк Кореядан бардык БУУ ККнын чыгарган чечимдерине ылайык жоопкерчиликтерди туура жана дароо аткаруусун талап кылышты.

Корея жарым аралын тынчтык жолу менен ядролук куралдардан арылтуу темасында колдоосун кайталаган министрлер, Түндүк Кореяга чыңалууну азайтуу, тынчтык жана туруктуулукка жарактуу шарттарды жаратуу үчүн диалогду кайрадан баштоо чакырыгын салды.

Министрлер, билдирүүдө Корея жарым аралында туруктуу тынчтык сактоого байланыштырып, корейлер арасындагы мамилени жакшыртууга болгон аракеттерге колдоо көрсөткөндөрүн  билдирди.

Уюмга мүчө болгон өлкөлөрдүн Тышкы иштер министрлеринин ишемби күнү жасаган жыйындан кийин жарыялануусу күтүлүп жаткан жалпы билдирүүсү, Түндүк Корея жана Түштүк Кытай деңизи темасында көз караштардын карама-каршы келүүлөрүнөн улам кечиктирилип келген.     

 



Тектеш кабарлар