Ханыша Елизабеттин айлык маянасы жогорулатылды

Расмий маалыматтарга караганда Ханыша  Елизабет II жана королдук үй  - бүлөнүн 2016 – 2017 – жылдагы расмий сапарынын жалпы чыгымы 4, 5 миллион стерлинг болду.

760398
Ханыша Елизабеттин айлык маянасы жогорулатылды

Британия өкмөтү Ханыша   Елизабет IIнин каржоосу үчүн бөлүнгөн бюджеттин 2018 – 2019 – жылдагы мезгилде 8 пайызга арттырып 82, 2  миллион англис стерлингине жогорулатылгандыгын билдирди.

Расмий маалыматтарга караганда Ханыша  Елизабет II жана королдук үй  - бүлөнүн 2016 – 2017 – жылдагы расмий сапарынын жалпы чыгымы 4, 5 миллион стерлинг болду. Өткөн жылы принц Чарльз жана жубайы Камилланын “Cam Force One” аттуу расмий учак менен Италия, Румыния жана Австрияга жасаган сапарлары болсо жалпы 154 миң стерлинг болгон.

Королдуктун бардык байлыктарынан алынган аренда кирешеси болсо 2016 – 2017 – жылдарда 24, 7 миллион стерлингге артып жалпы 328, 8 миллион стерлингге жогорулады.

Мындан мурда  Елизабет II  жашаган Букингем сарайынын ремонту үчүн 369 миллион стерлинг бюджеттин бөлүнгөндүгү, бул сумманын сарайдын жылуулук, муздатуучу системалары, электр базисин жаңыланышы үчүн жумшалгандыгы билдирилген.

 



Тектеш кабарлар