Европа Биримдиги баш калкалоочуларды кабыл албаган өлкөлөрдү эскертти

Келишимге карабастан айрым өлкөлөр бир дагы баш калкалоочуну кабыл алган жок

747803
Европа Биримдиги баш калкалоочуларды кабыл албаган өлкөлөрдү эскертти

Европа Биримдиги комиссиясы, баш калкалоочулардын мүчө өлкөлөрдүн ортосунда бөлүштүрүлүүсүн камсыздаган милдеттүү квотаны ишке ашырбаган өлкөлөрдүн келээрки жумадан тарта санкцияга илине турганын билдирди.

Европа Комиссиясынын миграция, ички иштер жана атуулдук боюнча жооптуу мүчөсү Димитрис Аврамопулос Белгиянын борбор шаары Брюсселдеги маалымат жыйынында: «Эч бир баш калкалоочуну кабыл албаган же акыркы бир жылдын ичинде бир дагы баш калкалоочуга кайрадан отурукташуу мүмкүнчүлүгүн бербеген мүчө өлкөлөр туурасында доо ачуу планын карап жатабыз. Биз бул келишимге бардыгыбыз чогуу кол койгонбуз»,-деди.

Европа Комиссиясынын эскертүүсү Чех Республикасынын Ички иштер министри Милан Чованестин өлкөсүнүн коопсуздуктун себебинен дагы көп баш калкалоочуну кабыл албай турганы жөнүндөгү билдирүүсүнөн кийин айтылды.

Чехиянын квотасынын 2 миң 691 баш калкалоочу болгонуна карабастан Прага башкаруучулугу, Грециядан 12 баш калкалоочуну жайгаштыргандан кийин программага активдүү катышуусун токтотту.

Чех Республикасы менен катар Польша, Австрия, Венгрия жана Словения баш калкалоочу квотасына баш ийүүнү кабыл албаган өлкөлөрдүн арасында орун алууда.

Механизмдин алкагында Венгриянын 1 миң 292, Польшанын 6 миң 82 жана Австриянын да 1 миң 953 баш калкалоочуну кабыл алышы керек болгон бул өлкөлөр бир дагы кишини кабыл алышкан жок.

Европа Биримдигинин лидерлери баш калкалоочулардын 160 миңин белгилеген квоталардын негизинде мүчө өлкөлөрдүн ортосунда адилеттүү бөлүштүрүлүүсү темасында сентябрь айында макулдашышкан болчу.



Тектеш кабарлар