Кытайда бир шахтаны суу басты
Шахтада калган 11 жумушчудан алтоосунун сөөгү табылып, 5 киши болсо куткарылды.
738143
Синьхуа агенттигинин берген маалыматына караганда өлкөнүн түндүгүндөгү Шанши аймагында Shanxi Meijin Energy Co. Ltd.фирмасына таандык көмүр шахтасында кечээ болгон суу баскынынан кийин изилдөө – куткаруу иштери аяктады.
Изилдөө - куткаруу жана саламаттык сактоо кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иштерде жумушчулардан алтоосунун сөөгү чыгарылды. Куткарылган беш жумушчу болсо ооруканада дарыланууда. Жергиликтүү жетекчилердин кырсыкка байланыштуу териштирүүсү улантылууда.