Япония Түндүк Кореянын акыбетин Орусия менен сүйлөшүүдө

Путин менен Абэнин ортосундагы жолугушуунун эң маанилүү беренеси Түндүк Кореянын ядролук куралдарын сыноолору болду.

721878
Япония Түндүк Кореянын акыбетин Орусия менен сүйлөшүүдө

Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ эки күндүк сапар менен Орусияга барды.

Абэ, сапарынын алгачкы аялдамасы Москвада Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолукту.

Путин менен Абэнин ортосундагы жолугушуунун эң маанилүү беренеси Түндүк Кореянын ядролук куралдарын сыноолору болду.

Япония жана шериктештери АКШ, Түштүк Корея жана Австралия, Түндүк Кореянын ядролук курал сыноолорун токтотуусу үчүн Кытай менен бирге Орусиянын кысымын арттырышын каалайт.

Абэ жана Путиндин күн тартибиндеги башка бир тема болсо Япониянын түндүгүндөгү аралдардын статусу.

2-Дүйнөлүк согуштан кийин Орусия тарабынан басылып алынган Сахалин аралдарынын абалы талаштуу маселе бойдон калууда.

Тараптар аралдардагы балыкчылык жана туризм баштаган экономикалык кызматташтыгын арттыра турган долбоорлор менен чыңалууну басаңдатууну максаттап жатат.

Япониянын өкмөт башчысы Синдзо Абэ, Орусиядан кийин Европа сапарынын алкагында Англияга барат.



Тектеш кабарлар