Папа Сириядагы кол салууну айыптады

Кол салууда араларында көп сандаган балдар менен аялдар болгон жүз жаран каза болду

706748
Папа Сириядагы кол салууну айыптады

Католиктердин  лидери жана Ватика мамлекет башчысы  Папа Франциск Сириядагы химиялык кол салууну айыптады. Ватикандын белгилүү Азиз Петрус аянтында  шаршемби күндөрү  жалпы кабыл алуу отурумунда сөз сүйлөгөн Папа Франциск Сириядагы химиялык кол салуу тууралуу : "Сирияда  болгон, көптөгөн күнөөсүз, чарасыз бала жана киши өлтүрүлгөн, кабыл алынгыс  кол салууну катуу түрдө айыптаймын",- деди. 

Кол салуунун курмандыктары жана жакындары үчүн дуба кылган Папа Франциск жергиликтүү жана эл аралык деңгээлде саясий жоопкерчиликтери болгондорго кайрылуу менен бул трагедияны эртерээк токтотууга чакырды. 

Башар Асад режиминин  Идлибдин Хан Шейхундагы химиялык куралдар менен кол салууда араларында көп сандаган бала жана аялдар да болгон жүз жаран каза болуп, беш жүз жаран  жараланган. 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар