Орусияда жер титирөө болду

Жер титирөөнүн күчү 6,6 баллга жетти

701311
Орусияда жер титирөө болду

Орусиянын чыгышындагы Камчатка жарым аралынын жээгинде рихтер таякчасы боюнча 6,6 баллдык жер титирөө болду.

АКШнын Геологиялык изилдөөлөр борбору, эпицентри Усть-Камчатканын 78 километр түндүк-чыгышындагы жер титирөөнүн Беринг деңизинин 22,8 километр тереңдигинде болгонун билдирди.

Жер титирөөдөн болжол менен жарым сааттан кийин 4,9 баллдык кайталанган термелүү катталды.

Бир топ аймакта сезилген жер титирөөдөн жабыркагандардын бар же жок экендиги жөнүндө азырынча маалымат берилген жок.

Сахалиндеги цунами борбору, жер силкинүүлөрдөн кийин цунами болушу мүмкүн деп эскертти.

Жер титирөө 250 жылдык уйкусунан бир канча күн мурда ойгонгон жана асманга күл менен газ бүркүгөн Камбальный вулканына жакын жерде болду. 2 миң 156 метр бийиктиктеги жанар тоонун айланасындагы аймакта эскертүү жарыяланды.

Камчаткада 1952-жылдын 4-ноябрында болгон 9 баллдык жер титирөө, 1900-жылдан берки эң күчтүү жер титирөө катары катталган. Жан жоготууга алып келбеген жер титирөөдөн кийин пайда болгон 9 метр бийиктиктеги толкундар Гавайиге чейин жеткен болчу.



Тектеш кабарлар