Эфиопияда таштанды аянтында жер көчкү жүрдү
Эфиопияда таштанды аянты адамдарга көрүстөн болду
691101
Борбор шаар Аддис-Абебада шаардагы 4 миллион адамдын таштандысы төгүлгөн Коше аймагында болгон жер көчкү жана таштанды аянтынын жылып кетишинен таштандыдан тамак-аш издеген адамдар жабыркады. Окуядан 35 киши каза болуп, 2си оор 28 киши да жаракат алды. Аймактагы 15 үйдүн да урап калганы белгиленди.