Греция дыйканчылык жана  мал – чарбачылык жарманкесин өткөрүүдө

Греция экономикалык кризисти  ашып өтүүнүн жолдорун издеп жатат

689062
Греция дыйканчылык жана  мал – чарбачылык жарманкесин өткөрүүдө

2008 -  жылдагы глобалдык кризистен эң  көп таасирленген өлкөлөрдүн бири болгон Греция экономикалык кризисти  ашып өтүүнүн жолдорун издеп жатат.

Экономикалык кризис менен күрөшүп жаткан Греция өнүгүү пландарынын алкагында өндүрүшкө өттү. Кээ бир проектилерди Европа Биримдиги менен турмушка ашырган Греция, Фессалия аймагынын борбор шаары Ларисада кенен масштабда дыйканчылык жана  мал – чарбачылык жарманкесин өткөрүүдө.  

Жарманкенин ачылышына Түркиянын Салоникидеги башкы консулу Орхан Ялман Окан да катышты. Жарманкеде Сөке соода кабинетинен 50 ишкердин эки тараптуу жолугушууларды өткөргөндүгүн белгилеген Окан Лариса соода кабинети жана Сөке соода кабинетинин арасында кол коюлган токтомдун да эки өлкөнүн карым – катнаштарына динамика кошорун айтты. 20 миң метр квадраттык аянтка курулган жарманкеге 20 өлкө катышты. Стенд ачкан ишкана саны болсо 500. 12 -  мартка чейин ачык боло турган жарманкеге Түркия, Болгария жана Македониядан да зыяратчылардын келиши күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар