Орусия Иран менен болгон мамилелерин өнүктүрөт
Песков Москвада журналисттерге маалымат берди
Орусиянын президенттик басма сөз катчысы Дмитрий Песков Иранды террористтик мамлекет катары көрбөгөндөрүн жана бул өлкө менен карым-катнаштарын өнүктүрүүнү уланта тургандарын айтты.
Песков Москвада журналисттерге берген маалыматында, АКШнын президенти Дональд Трамптын Иранды террордук мамлекет деп сыпатташына байланыштуу: «Бул мамилеге кошулбайбыз. Иран менен жакшы алакаларыбыз бар. Соода жана экономикалык карым-катнаштарыбызга баа беребиз жана өнүктүрүүнү улантабыз»,- деп айтты.
АКШ менен Иран жана берки айрым аймактык маселелерде башкача саясаттарга ээ экендиктерин баса белгилеген Песков, бул көз караштар эки өлкөнүн алакаларында тоскоолдуктарды жаратпашы керектигин белгиледи.
Тектеш кабарлар
Израилдин согушту улантуу планы
Израиль армиясынын X социалдык медиа эсебинде темага байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасалды.
Газа байланыш тобунун Израилге карата чакырыгы...
Бул тууралуу Сауд Арабиянын Тышкы иштер министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.