АКШ Йеменде жарандар каза болгон операциянын ийгиликтүү болгондугун жактап жатат
Ак үйдүн катчысы Шон Спайсер операциянын бардык стандарттар жактан ийгиликтүү болгондугун айтты
АКШ Йеменде жарандар да каза болгон атайын күч тарабынан жүргүзүлгөн операциянын ийгиликтүү болгондугун жактап жатат.
Американын борбордук күч командирлиги да жарандык жоготуулардын басып алуу учурунда ортого чыккан баш – аламандыкта болгондугун билдирди. Маалыматта жарандык жоготуулардын саны тууралуу маалымат берилбестен, жергиликтүү медиа булактарында бул сандын 30дан ашуун экендиги жарыяланды.
АКШнын коргоо министрлиги Пентагондун катчысы Жефф Дэвис болсо аскерлердин Бейдада бир имаратка басып алууну пландагандыгын, жакын жердеги бир имараттан ок атылуу менен абадан жардам сураганга мажбур болушкандарын айтты. Ошол эле учурда БУУнун Йемендин Таиз шаарында арткан аскердик операциялар менен абадан кол салуулардын тынчсыздантуучу экендиги билдирилди.
БУУнун маалыматында операциялар жана абадан кол салуулардан улам шаарда 30 миңге жакын кишинин жашаган жерлеринен чыгып кеткендигине көңүл бурулду. Маалыматта операциялардын Йемен портторундагы соода жана гуманитардык жардам кемелерине да таасирин тийгизгендиги белгиленди.
Тектеш кабарлар
Израилдин согушту улантуу планы
Израиль армиясынын X социалдык медиа эсебинде темага байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасалды.
Газа байланыш тобунун Израилге карата чакырыгы...
Бул тууралуу Сауд Арабиянын Тышкы иштер министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.