Лавровдун билдирүүсү

Женева сүйлөшүүлөрү жылдырылды

660416
Лавровдун билдирүүсү

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Швейцариянын Женева шаарында 8-февралда башталуусу пландалган Сирия тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн ушул айдын аягына чейин жылдырылганын билдирди.

Лавров сириялык оппозициячылдар менен Москвадагы жолугушуусунда, Женева сүйлөшүүлөрү туурасында «8-февралдан ушул айдын аягына чейин кечеңдетилди»,- деп айтты.

Министр Лавров сүйлөшүүлөрдүн эмне себептен жылдырылгандыгы жөнүндө болсо маалымат берген жок.

Сергей Лавров, апрель айынан бери Женева сүйлөшүүлөрүнүн жаңы айлампасын уюштурбаган БУУдагы кесиптештеринин чабалдыгынын кабыл алынгыс экенин да кошумчалады.

Женевадагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн акыркы айлампасы апрель айында өткөрүлгөн болчу.

Лавров Казакстандын борбор шаары Астанада жуманын башында өткөрүлгөн сүйлөшүүлөрдү, Сирия кризисине чечүүчү жол табууга карай жаңы жана маанилүү кадам катары эсептегендерине көңүл буруп, Астанада Түркия менен Орусиянын кепилдигинде жарыяланган ок атышпоонун тастыкталганын белгиледи.

Орусиянын Астанада тараптарларга сунуштаган конституция сунушуна да токтолгон Лавров, долбоордо режим менен оппозициячылдарды бирдей пикирге келтирүүгө аракет кылынганын айтты.

Министр Лавров Орусиянын өз долбоорун эч кимге мажбурлап сунуштабаганын, мунун Женевада талкууга коюлушу үчүн түзүлгөн жана тараптарларга берилген сунуш экенин баса белгиледи.

Лавров Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова журналисттерге берген маалыматында, Сирия кризисинин чечилүүсүндө Түркия жана Иран менен узак мөөнөттү кызматташуу көздөгөндөрүн сөз кылды.



Тектеш кабарлар