Түрк жана орус согуштук учактары ДЕАШ буталарын бомбалады

Орусиянын коргоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда ДЕАШка каршы биргелешкен операциялар жүргүзүлдү

657778
Түрк жана орус согуштук учактары ДЕАШ буталарын бомбалады

Орусиянын коргоо министрлиги түрк жана орус согуштук учактарынын 21-январда Сирияда ДЕАШка каршы биргелеше операция жүргүзгөндөрүн билдирди.

Орусиянын коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, 21-январда 4 түрк жана 3 орус учагы катышкан бирегелешкен абадан операцияда Сириянын Эл Баб аймагындагы 22 ДЕАШ бутасынын бомбаланганы белгиленди.

Бир тараптан Орусия менен АКШнын жетекчигиндеги коалицияга таандык учактардын да 22-январда орток операция жүргүзгөндөрү баяндалды.

Министрликтин билдирүүсүндө, 22-январда Эл Баб аймагындагы ДЕАШ буталарына Орусия менен коалиция учактары тарабынан бирегелешкен операция жүргүзүлгөнү сөз кылынды.



Тектеш кабарлар