Трамптын алгачкы билдирүүсү...

АКШнын жаңы президенти Дональд Трамп убактысын текке кетирбейт.

656166
Трамптын алгачкы билдирүүсү...

Америка Кошмо Штаттарынын жаңы президенти Дональд Трамп убактысын текке кетирбейт.

Трамптын кызматты өткөрүп алышынан бир канча мүнөт өтпөй эле эми кожоюну болгон Ак үйдөн «Алдыңкы планыбыз террор уюму ДЕАШты жок кылуу» деген маалымат жайылды.

Анда: «ДЕАШ жана башка радикалдык террор уюмдарын жеңүү алгачкы планыбыз болот»,делди.

Буга ылайык, Вашингтон башкаруучулугу террорист топторго берилген финансылык колдоонун жоюлушуна, кеңейүү мүмкүнчүлүктөрүн соңуна чыгарууга, террор пропагандарын токтотууга жана өз чалгындоо желесин жайылтууга багыт алат.

Жарыяда Иран жана Түндүк Корея бийликтерине да маалыматтары бар эле.

Жаңы бийлик бул эки өлкөдөн ыктымалдуу ракета коркунучтарына каршы өзүнүн заманбап ракеталык коргонуу системасын өнүктүрө турганын жарыялады.



Тектеш кабарлар