АКШнын коргоо министрлигинин катчысы Питер Кук маалымат берди

Питер Кук ДЕАШтын жетекчилеринен Эбу Энес ел Ирактын өлтүрүлгөндүгүн билдирди

655905
АКШнын коргоо министрлигинин катчысы Питер Кук маалымат берди

АКШнын коргоо министрлигинин катчысы Питер Кук өлкөсүнүн Сирияда Ел Баб операциясына берген колдоонун террордук уюм ДЕАШка каршы кенен машстабдуу координациянын бир бөлүгү экендигин жана муну Раккада да көрүүнү каалашкандарын айтты. Кук кызматын таштагандан мурдагы акыркы пресс – жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берди. Кук : «Түрк союздаштарыбыз жана  бирдикте иштеген күчтөр ДЕАШка каршы операция жүргүзүшүүдө. Коалиция менен жакын координация улантылууда. Бул координация тууралуу кенен маалымат бере албайбмын жана башка өлкөлөрдүн атынан сөз сүйлөй албаймын, бирок бул ДЕАШты жеңүү үчүн  жумшалган аракет»,- деди.

ДЕАШ террордук уюмуна бардык жактан кысым жасалышына басым жасаган Питер Кук бир топ өлкөнүн ДЕАШ буталарынын атылышына байланыштуу : «Ел Бабда көрүүнү каалаган нерсебиз ушул. Муну Раккада, Мусулда, Ливияда да көрүүнү каалайбыз»,- деди. Бул аракеттин бир топ фронтто ишке ашышы керектигин белгилеген Пентагон катчысы ДЕАШтын бир жерлерди өзү үчүн коопсуз аймакка айландырышына уруксат беришпей тургандыгын белгиледи.

Питер Кук ДЕАШтын жетекчилеринен Эбу Энес ел Ирактын 8 -  январда Раккага кирип жатып АКШнын атайын күчтөрү тарабынан жасалган кол салууда өлтүрүлгөндүгү тастыкталгандыгын да билдирди. Кук берген жазуу түрүндөгү маалыматында да Аль Каиданын тышкы операцияларынан жооптуу экендиги айтылган Мухаммед Хабиб Бусседдин ел Тунисинин 17 -  январда Идлиб жакындарында ишке ашырылган аба операциясында өлтүрүлгөндүгүн билдирди.

 



Тектеш кабарлар