"Түркия орток коопсуздугубуз үчүн маанилүү"

Жонсон англис парламентинин астыңкы канаты общиналар палатасында өткөрүлгөн отурумда депутаттардын тышкы саясатка байланыштуу суроолоруна жооп берди

649032
"Түркия орток коопсуздугубуз үчүн маанилүү"

Англиянын тышкы иштер министри Борис Жонсон Европа Биримдиги өкмөттөрүнүн Түркиянын Фетуллахчы террордук уюмдун 15 -  июлдагы козголоң кыймылына каршы чыгууну айыптоосунун жаңылыш экендигин белгиледи.

Жонсон англис парламентинин астыңкы канаты общиналар палатасында өткөрүлгөн отурумда депутаттардын тышкы саясатка байланыштуу суроолоруна жооп берди.

Бийликтеги Консерватор партиянын депутаты Жулиан Льюистин Түркия тууралуу берген суроосуна Жонсон : «Түркия мамлекетинин, түрк өкмөтүнүн жүздөгөн киши каза болгон козголоңдун курмандыгы болгондугун билүү абдан маанилүү. Европа Биримдигиндеги бир топ өкмөттүн болгондорду аңдап билүүнүн ордуна Түркияны  15 -  июлдагы козголоң кыймылына каршы чыгышын айыптоосу жаңылыш нерсе. Түркия орток коопсуздугубуз үчүн маанилүү. Түркияны бир бурчка түртүү  жасашыбыз керек болгон эң акыркы нерсе»,- деп жооп берди.



Тектеш кабарлар