С-400 "Триумф" ракеталык коргонуу системасы эртең кызматын баштайт

С-400 "Триумф" 400 километрдик аралыкты өтө алат

648333
С-400 "Триумф" ракеталык коргонуу системасы эртең кызматын баштайт

Орусиянын борбор шаары Москванын аба мейкиндигин коргой турган  С-400 "Триумф" ракеталык коргонуу системасы эртең кызматын баштайт. Коргоо министрлигинен берилген маалыматка караганда система Москва жана Борбордук Экономикалык Аймагын коргойт. Орусиянын эң күчтүү жерден абага аткан ракеталык коргонуу системасы болгон С-400 "Триумф" 400 километрдик аралыкка ээ.

Орусия АКШ Патриотторунун эквиваленти  болгон бул коргонуу системасын акыркы болуп чек ара эрежелерин бузган Su-24 учагынын Түркия тарабынан атып түшүрүлүшүнөн кийин Сирия жерлерине жайгаштырган. Бир тараптан Барак Обама өкмөтү кызматтан кеткенден мурда НАТОго курал жана аскер жардамын берүүнү арттырууну улантууда.

Аскердик материал Орусияга коңшу НАТО өлкөлөрүнө таркатылат. НАТО мүчөсү Гемания, Канада менен Англия да ар бири 1000ден аскерден турган отряддарын Эстония, Латвия, жана Литвага жиберди.

Бөлүктөрдүн февраль айынын башында Польша, Балтика өлкөлөрү, Болгария, Румыния жана Германияга таркатылары билдирилди.

Орусия да Польша менен Литва ортосундагы Калининград  шаарына атомдук дүрмөт тагыла турган Александр ракеталарын жайгаштыргандыгын билдирди.



Тектеш кабарлар