Нигерияда күн өткөн сайын миңдеген бала ачкачылыктан каза болууда

Нигерияда жетерсиз азыктануунун айынан күндө 2 миң 300гө жакын баланын каза болгондугун билдирди

643764
Нигерияда күн өткөн сайын миңдеген бала ачкачылыктан каза болууда

Нигерия жарандык коомдун азыктануу боюнча проектисинин координатору Убах Наемека Квара аймагында берген маалыматында өлкөдө жетерсиз азыктануунун айынан күндө 2 миң 300 баланын каза болгондугун билдирди.  

Улуттук саламаттыкты сактоо жана  элдик изилдөөнүн маалыматтарына көңүл бурган Наемека : «Нигерияда энелердин   17 пайызы гана балдарын эмизүүдө»,- деди. Чара көрүлбөсө дагы да начарлашы мүмкүн экендигин белгилеген Наемека : «Жетерсиз азыктануу аң – сезиминин артта калуусуна да себеп болууда. Бул да Нигериянын келечегине тескери таасир тийгизет»,- деди.

Жетерсиз азыктанууга каршы бирдикте күрөшүү керектигине көңүлдөрдү бурган Наемека баарынын орток жана координациялуу кыймыл кылуусу керектигин баса белгиледи.

Нигерияда болуп жаткан экономикалык кризис жана мыйзамсыздыктардан улам миллиондогон киши жакырдык ичинде жашап жатат. Өлкөнүн түндүгүндө Боко Харам менен коопсуздук күчтөрүнүн ортосундагы кагылышуулар болсо миллиондогон кишинин аймактан көчүүсүнө себеп болду.

 

 



Тектеш кабарлар