Болгарияда сомалилик баш калкалоочу бир аял тоңуп каза болду

Сомалилик 16 жаштагы бир эркек жана 14 жаштагы бир кыздын тоңуу коркунучу менен ооруканага жаткырылгандыгы белгиленди

643495
Болгарияда сомалилик баш калкалоочу бир аял тоңуп каза болду

 

Ички иштер министрлигинен берилген маалыматта Болгарияга мыйзам тышы жолдор менен кирген бир группа качкындын берген маалыматтары боюнча жүргүзүлгөн изилдөөдө сөөгү табылган сомалилик баш калкалоочу  аялдын тоңуп каза болгондугу аныкталгандыгы билдирилди. Маалыматта дагы бир сомалилик 16 жаштагы бир эркек жана 14 жаштагы бир кыздын тоңуу коркунучу менен ооруканага жаткырылгандыгы белгиленди.

Ошол эле учурда Софияда  качкындар лагеринде болушу керек болгон ирактык 48 качкындын өлкөнүн түндүгүндө Румыния чек арасындагы Русчукта бир жүк ташуучу машинада кармалышкандары билдирилди.

Бир тараптан Жер Ортолук деңизде бир резина кайыкка түшүрүлгөн 112 качкын Ливиянын 60 километр жакынында сууга чөгүүдөн куткарылды. Кайыкта кош бойлуу аялдар менен 5 бала болгон.



Тектеш кабарлар