Орусиянын Кара деңизге кулаган учагы тууралуу ойлор

Орусиянын учагынын техникалык бузуктук жана учкуч катасынын биригүүсүнүн себебинен кулап түшкөн болушу мүмкүн.

639882
Орусиянын Кара деңизге кулаган учагы тууралуу ойлор

Кара деңизге кулап түшкөн Орусиянын учагынын техникалык бузуктук жана учкуч катасынын биригүүсүнөн келип чыгуусу мүмкүн экени айтылды.

Жекшемби күнү кулап түшкөн жана 92 киши каза болгон Орусиянын учагынын кара кутулары иликтенди.

Орусиянын Интерфакс маалымат агенттигине маалымат берген териштирүүчү топтун бир мүчөсү, кара кутудан алынган алгачкы маалыматтардын Ту-154түн учкан убагында системасында бузулуунун себебинен канаттарда учуш үчүн жетиштүү көтөрүү күчү пайда болбогонун көрсөткөнүн белгилеп кетти.

Аты аталышын каалабаган адис, «Ошол эле учурда учуучу топтун орчундуу абалда турганда жаңылыш чечим чыгарганын ойлогонго да себептер бар. Кырсык техникалык бузуктук жана адам факторунун биригүүсүнөн келип чыккан болушу мүмкүн»,-деп айтты.

Орусиянын Коргоо министрлиги да учактын кара кутуларынын кеңири түрдө иликтенгенин жана расмий жарыянын алдыдагы күндөрдө боло турганын маалымдады.

Орусиянын Коргоо министрлигине таандык Ту-154 үлгүсүндөгү учак 92 кишини ташып бараткан.

Учакта Кызыл армия хорунан 64 музыкант, журналисттер жана бир жардам кызматкери да бар эле.



Тектеш кабарлар